Nokia 2600 classic - Заряддоо жана заряддын түгөнүшү

background image

Заряддоо жана заряддын түгөнүшү

Сиздин аспабыңыз улам заряддоого болгон батарейка

аркылуу иштейт. Батарейка канча жүздөгөн жолу

заряддалып жана заряддан чыкса да, аягы эскилиги

жетет. Эгер сүйлөшүү жана күтүүчү режимде турган

убактары демейкисинен алда канча кыска тарта

баштаса, анда батарейканы алмаштыруу убагы

келди. Nokia көрсөткөн гана батарейкаларды

пайдаланып, жана батарейкаларды Nokia көрсөткөн,

дал ушул аспапка арналган зряддоо шайман аркылуу

толтуруңуз.
Эгер алмаштыруу жасатканга батарейка биринчи

жолу колдонуп, же көптөн бери колдонбой жүргөн

болсо, анда биринчи заряддоо шайманды

туташтырып, кайра туташуудан чыгарып жана

батарейканы толуктоого дагы туташтырыңыз.

Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т

© 2007 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

60

background image

Зарядоо шайманды жана аспапты пайдаланбаган

кезде розеткадан сууруп коюңуз. Толтурулган

батарейканы заряддоо шайман менен туташтырган

бойдон калтырбаңыз, анткени ашыгы менен толтуруу

алардын иштөө мөөнөтүн кыскартат. Толтурулган

бирок иштетилбеген батарейка убакыт өткөн сайын

зарядын жоготуп коюушу ыктымал.
Эгер батарейканын заряды таптакыр бүтсө,

дисплейде заряд көрсөткүчтүн пайда болушуна чейин

же чакыруу жасоо мүмкүн болууга чейин бир нече

минут талап кылынат .
Батарейканы көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана

колдонуңуз. Бузулган заряддоо шайманды же

батарейканы эч качан урунбаңыз.
Батарейканы учу тийип калуу коркунучтан алыс

кармаңыз. Тыйын, темир кыстаргыч же калем сыяктуу

метал буюмдардын жакын арада болушу оң (+) же

терс (-) батарейканын терминалдарын ортосунан түз

туташууга шарт коюп, учу тийип калууга алып келет.

(Алар батарейкадагы темир тилкелердин өңү бар).

Мындай учурлар, мисалы, сиз пайдаланбаган

батарейканы чөнтөккө же капчыкка салып

жүргөнүңүздө кездешет. Мындай терминалдардын

биригип калган учурлар батарейканы же аны менен

туташкан буюмду керектен чыгарып коюушу ыктымал.

Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т

© 2007 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

61

background image

Батарейканы ысык же муздак жайда калтырып коюу,

мисалы, жайкы же кышкы учурда жабык машиненин

ичинде, батарейканын көлөмүн жана иштөө мөөнөтүн

кыскартып жиберет. Дайым батарейканы 15°C жана

25°C (59°F жана 77°F) ортосундагы температурада

сактаганга тырышыңыз. Муздак же ысык батарейка

менен анын заряды толук болгонуна карабастан,

аспап убактысынча иштебей калышы мүмкүн.

Батарейканын иштөөсү өзгөчө температура

тоңдуруучу чекиттен ылдый түшкөндө чектелет.
Батарейканы жарылуу коркунучунан улам отко

салбаңыз. Батарейка бузганда да жарылышы мүмкүн.

Батарейкадан кутулуу жолдорун жергиликтүү

эрежелер боюнча иштетиңиз. Кайра иштетүү

мүмкүнчүлүгү болсо, аны пайдаланыңыз. Үй

тиричилик таштандысы менен чогуу ыргытпаңыз.
Батарейкадагы элементтерин чыгарып таштабыңыз.

Батарейканын суусу ага баштаса, аны денеңизге же

көзүңүзгө тийбегидей кылып алыс кармаңыз. Эгер

андай суу тийип калса, аны дароо денеңизден же

көзүңүздөн суу менен чайкап кетирип, же болбосо

медициналык жардам сураңыз.

Б а т а р е й к а ж ө н ү н д ө м а а л ы м а т

© 2007 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

62