Nokia 2600 classic - Багуу жана оңдоо

background image

Багуу жана оңдоо

Сиздин аппаратыңыз дизайндын эң жогорку

жетишкендиктердин жана өндүрүүчүлүк чебердиктин

кошулган аракеттин натыйжасында чыккан өнүм,

ошондуктан аны колдонуусунда эң эле этият болуу

зарыл. Төмөнкү сунуштардан кармаган болсоңуз, алар

гарантиянын сакталышына жол берет.
● Аппаратты кургак кармаңыз. Нымдуулук жана

суюктуктун баардык түрлөрү, электрондук

схемалардын бузулушуна алып келе турган

минералдарды камтышы мүмкүн. Эгер

аппаратыңыз суу болуп калса, батареясын алып

чыгып, биротоло кургатып туруп анан салыңыз.

● Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде пайдаланбаңыз.

Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык

компоненттери зыянга учурайт.

● Ысык жерде аппаратты сактабаңыз. Жогорку

температуралар электроникалык аппараттардын

кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян

келтирип жана белгилүү пластиктерди ийрейтип же

эритип салат.

● Муздак жерде аппаратты сактабаңыз. Аппарат

нормалдуу температурага келгенде ичинде ным

пайда болот жана электроникалык айлануу

такталарга зыян келтирет.

© 2007 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

66

background image

● Аппаратты бул колдонмодо берилген

инструкциялардан тышкары жол менен ачканга

аракет кылбаңыз.

● Аппаратты түшүрүп албаңыз, урбаңыз жана

силкибегиңиз. Орой кармоо ичиндеги айлануу

такталарды жана кылдат механикасын сындырып

коюшу мүмкүн.

● Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо

эриткичтерди же күчтүү тазалоочу нерселерди

пайдаланбаңыз.

● Аппаратты боёбоңуз. Боёк жыла турган

бөлүктөрдүн жылышын кыйындатып,

канааттандыраарлык иштөөгө тоскоол кылат.

● Камера, жакындык сенсор жана жарык сенсор

линзалар сыяктуу линзаларды тазалоо үчүн

жумшак, таза, кургак кездемелерди пайдаланыңыз.

● Камсыз кылынган жана бекитилген гана

алмаштыруу антеннасын колдонуңуз. Уруксатсыз

антенналар, модификациялар же бекитүүлөр

аппаратты бузат жана радио аппараттарды

башкарган эрежелерге каршы келиши мүмкүн.

● Заряддагычтарды үйдүн ичинде пайдалаңыз.
● Дайыма байланыштар жана жана календардык

белгилер сыяктуу маалыматтан камдык сактоо

кылып жүрүңүз.

Б а г у у ж а н а о ң д о о

© 2007 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

67

background image

● Аппараттын оптималдуу иштөөсүн камсыз кылуу

мезгил менен өчүрүп, батареясын алып

коюушунда.

Бул сунуштарды сиздин аппаратыңызга,

батарейкасына, заряддагычка жана баардык

жабдууларга карата пайдаланса болот. Эгер аппарат

канаатандырарлык иштебесе, анда аны жакынкы

расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.